Абу-л-Гази Бахадур хан

Википедия дан

АБУ-Л-ГАЗИ Бахадур хан (1603–1663) – Хива ханы ж-а көрүнүктүү тарыхчы. 1643-ж. көчмөн өзбек урууларынын жардамы м-н такка отуруп, өз бийлигин чындоо үчүн түркмөндөргө, калмактарга, Бухара хандыгына каршы күрөшкөн. Өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгон, эски кол жазмаларды көп окуган, түрк элдеринин тарыхын дурус билген инсан болгон. Анын «Шажарай-йи-таракима» ж-а «Шажарай-и-түрк» («Түрк элдеринин санжырасы», «Түркмөндөрдүн санжырасы») аттуу эки эмгеги белгилүү. Эмгектерде Борб. Азиянын элдеринин тарыхы б-ча баалуу тарыхый, этногр. маалыматтар кездешет. А.-л.-Г. бул эмгектерди жазууда Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихин» негизги булак катары пайдалангандыгы байкалат. Анын маалыматтарын кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулу м-н Б. Солтоноев кыргыздардын тарыхын изилдөөдө пайдаланышкан.
Айрым шилтемелер:
Осмонаалы Сыдык уулу. Тарых, Кыргыз Шадмания Archived 2011-02-03 at the Wayback Machine
Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 1т. 1993 Archived 2011-02-04 at the Wayback Machine
Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 2 т. 1993 Archived 2011-02-04 at the Wayback Machine