Абу Бекр Келеви

Википедия дан

Абу Бекр Келеви (туулган жылы белгисиз-1366-ж.) 1365-66-ж. Самарканда болгон сарбадарлардын монголдорго каршы көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири, самаркандык кол өнөрчү Могол ханы Ильяс кожонун 1365-ж. Мавереннахрга жасаган жортуулунда Самаркан эмиринин аскерлери жеңилип, шаардан качып кеткен. Ошондо Самаркандын Абу Бекр Келеви башчылык кылган сарбадарлар (фарсча дарга баш тоскондор) монголдорго каршы көтөрүлүп, аларды чегинүүгө аргасыз кылган. Самарканда бийлик сарбадарлардын колуна өтөт. Бирок качып кеткен эмир Хусаин сарбадарларды алдап, көтөрүлүш жетекчилерин, алар менен бирге Абу Бекр Келевини да даргага асып өлтүртөт да, Самарканда өз бийлигин кайра калыбына келтирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1