Абшырсай

Википедия дан

Абшыр-Сай - Ош облусунун Ноокат районундагы табигый кооз жер. Райондун борбору Эскиноокаттан 25-26 км аралыкта. Абшыр-Сай суусу Кичи Алай кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшүп, адырларга өтөөрдө акиташ тектеринен түзүлгөн аскаларды кесип агып, тар жана терең капчыгайды пайда кылат. Капчыгайдын таманынын жазылыгы 20 мдей, узундугу 2 км, салыштырма бийиктиги 600800 м, абсолюттук бийиктиги 1800-1900 м. Өрөөндүн таманынан 30-35 м бийиктикте, капчыгайдын оң капталындагы диаметри 2 м келген үңкүрдөн булак атырылып чыгып (чыгымы 0,3 м3/секга жакын), эки баскычтуу шаркыратманы пайда кылат. Биринчи баскычтын бийиктиги 15 мден ашык, экинчиси 11-12 м. Өрөөндөгү сууга салыштырганда шаркыратманын суусу тунук, муздак, кальций, магнийге бай. Суу жер астындагы карсттык көлмөнүн бир четиндеги жарака менен жыл бою бир калыпта сыртка чыгат. Абшыр-Сай шаркыратмасынын тегереги өзгөчө кооз, суу жээктей бадалдар өсөт; алардын арасына тал-терек, мөмө дарактары тигилген. Шаркыратманы даана көрүш үчүн капчыгайдын эки капталына бетон тепкичтер жана тектирчелер курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1