Абшырсай гипс кени

Википедия дан

Абшырсай гипс кени Ош облусунун Ноокат районунда, Жаңарык кыштагынан 1,5 км түндүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1790–1970 м бийиктикте. 1954-1958-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Гипс бор мезгилинде пайда болгон чопо, акиташ, кум тектеринин арасында жатат. Гипс катмарынын калыңдыгы 50 мге жетет. Катмардагы гипс 98,81%, 1-сорттогу курулуш гипсин алууга жарактуу. Гипс кыртышты гипстентүүгө жана цемент даярдоого пайдаланса болот. Гипстин запасы C1 категориясы боюнча 1320 миң т, C2 26400 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]