Абшырсай мрамор кени

Википедия дан

Абшырсай мрамор кени Ош облусунун Ноокат районунда, Көк-Жар кыштагынан 40 км түштүктө, Алай кырка тоосунун түндүк капталында. Кен 1974-ж. табылып, ага 1974–75-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын силур жана антропогендин чөкмө тектери түзөт. Мрамор силур мезгилинде пайда болгон чөкмө тектердин арасында жатат. Узундугу 3 км, калыңдыгы 50–80 м. Мрамордун өңү ак, боз, темгилдүү. Блок алууга жарамдуу. Запасы 30–40 млн м3. Кооз буюмдарды жасоого, дубалды каптоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]