Абшырсай сурьма кени

Википедия дан

Абшырсай сурьма кени Ош облусунун Ноокат районунда, Көк-Жар кыштагынан түштүк тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2600–3100 м бийиктикте. 1946-ж. табылып, 1966–82-жылдары мезгил-мезгили менен геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен жаткан аймак силур мезгилинде пайда болгон акиташ теги менен сланецтерден жана аларды жиреп чыккан гранит-диорит интрузияларынан турат. Кен татаал өзгөрүүлөргө учурап, өтө жаракаланган антиклиналдык түзүлүштүн түндүк-батыш капталында жайгашкан. Сурьма кени бири биринен 25–30 м аралыктагы эки руда горизонтунан (астынкысы акиташ теги менен сланец катмарларынын ортосунда, үстүнкүсү сланецтин арасында) турат. Руда линза жана тарамча түрүндө (калыңдыгы 1 смден 25 мге чейин). Негизги минералдары: антимонит, валентинит, кермезит, алардан башка киноварь, реальгар, пирит, арсенопирит, пирротин, халькопирит, марказит, сфалерит жана флюорит да бар. Сурьманын орточо өлчөмү 4,71%, алтындыкы 1,08 г/т, флюориттики 25,4%. Руданын С2 категориясы боюнча запасы 338,6 миң т. Сурьманын запасы 14114 т, алтындыкы – 1,97 т, флюориттики – 56763 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]