Абшыр көмүр кени

Википедия дан

Абшыр көмүр кени Ош облусунун Ноокат районунда, Абшыр суунун боюнда. Кызыл-Кыя шаарынан 28км чыгыш тарапта. Кен 1934-жылдан белгилүү. Көмүр казып алуу 1967-ж. башталган. Көмүр кабаттары юра катмарынын төмөнкү бөлүгү менен байланышкан. Структуралык түзүлүшү боюнча кен Абшыр-Карьердик, Түндүк Абшыр, Чыгыш Абшыр деп үч бөлүккө бөлүнөт. Кабаттардын орточо калыңдыгы 6,78 мден 17,90 мге чейин өзгөрөт. Сапаты боюнча көмүр 3Б маркасына таандык, орточо күлдүүлүгү 19,48%, орточо күйүү жылуулугу 6515 ккал/кг түзөт. 1997-жылга карата Абшыр-Карьердик участогунун калган запасы 1548 миң т. Абшыр разрезинин техникалык чегарасынан тышкаркы бөлүгүндөгү көмүрдүн запасы 8,5 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]