Абшыр фосфор кени

Википедия дан

Абшыр фосфор кени Ош облусунун Ноокат районунда, Абшыр суусунун сол жээгинде, автомобиль жолунан 300–500 м батышта, деңиз деңгээлинен 2050–2200 м бийиктикте. 1973–85-жылдары Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы издөө иштерин жүргүзгөн. Кембрийдин акиташ жана доломит тектеринин фосфориттүү горизонтунда фосфорлуу беш катмар бар. Перспективалуу №1 кен катмарынын узундугу 100 м, калыңдыгы 15–20 м. Мында фосфор ангридинин өлчөмү 9%.. Пайдалуу компонентти ажыратып алуу технологиясы изилденген эмес. №1 кен катмарынын ачык казып алууга мүмкүн болгон болжол ресурсу 150 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]