Абылай

Википедия дан

Абылай Хан - өз аты Абилмансур (1711-1781, Түштүк Казакстан, Арыс жергеси) казак элинин саясий жана мамлекеттик ишмери; Орто жүз казактарынын султаны, казак ханы (1771-жылдан). 18-кылымдын 30-жылынын аягынан саясий иштерге аралаша баштаган. Жунгар хандыгынын баскынчылык согуштарына каршы күрөшкө жетекчилик кылган. 1740-ж. Абулмамбет хан менен Оренбург администрациясында Россиянын букаралыгын кабыл алууга ант берген. 174243-ж. калмактарга колго түшүп, Галдан Церендин туткунунда жаткан Абылайды куткарып чыгууда К. Миллер жетектеген орус элчилиги чоң роль ойногон.1751-52-ж. А. Жунгар башкаруучуларынын ичара жаңжалдарына кийлигишип, Давацинин бийликти тартып алышына көмөктөшүүгө аракет кылган. 1755-ж. Цин Кытай империясынын Жунгариянын басып алышынан улам башталган Амирсананын көтөрүлүшүнө Абылай колдоо көрсөткөн. Казак конуштарына бир ирет кирип келген, Амирсананы кармап келүүгө жөнөтүлгөн Цин отряддарына А. Бөкөмбай баатыр менен бирге сокку урган. 1757-ж. Амирсананын көтөрүлүшүнө колдоо көрсөтүүдөн натыйжа чыкпастыгына көзү жеткен Абылай Кытай менен мамилени жөнгө салууга аргасыз болуп, кытай императоруна элчилерин жөнөткөн жана Жунгар маселеси боюнча бейтараптыкты сактай тургандыгын билдирген. 18-кылымдын 50-60-жылдарында Орто жүздөгү бийлик иш жүзүндө Абылай султандын колуна өткөн жана Абулмамбет хан номиналдуу гана башкаруучу болуп калган. Абылай Орто жүздөгү бийлигин чыңдаган соң 1760-жылдын орто чендеринде кыргыздарга, Ташкенге жана Коконго жүрүш жасаган. Анысы ийгиликсиз аяктап, жарадар болгон Абылай Түркстандын жанындагы Кара-Тоого кайтып келген, баласы туткунда калган. Абылай Коконго каршы Кытайдан жардам сурап өз элчисин жөнөткөн. Император Абылайдан уулун аманатка беришин талап кылган. Аманатка жөнөтүлгөн Валини Кытай бийликтери кабыл албай, Абылайдын мындай аракетин атак-даңк издөө катары баалап, жардам көрсөтүүдөн баш тартышкан. 18-кылымдын 60-жылдарында Абылайдын бийлиги Орто жана Улуу жүз казактарына тарап, Кичүү жүздүн хандары да аны менен эсептеше баштаган. 1771-ж. Абулмамбет хан өлгөндөн кийин Абылай казак султандарынын катышуусу менен хан шайланган. Абылай өтө каардуу башкаруучу болгон жана өлүм жазасына тартууну жеке өзү чечкен. Тышкы саясатында Кытай жана Россиянын ортосунда ийкемдүү мамилени кармоого аракет кылган. Бухара жана Хива хандыктары менен тыгыз байланыш түзгөн. Россия Абылайды өзүнүн таасиринде кармаганга абдан далалаттанган. 1777-ж. орус бийликтери эгер Абылай кат жүзүндө кайрылса, анда хандык даражасын тааный тургандыгын билдиришкен. Ушуга байланыштуу Абылай уулу Тогумду Петербургга элчиликке жөнөткөн. Бирок Екатерина II Абылайдын Улуу жана Кичүү жүздөрдөгү бийлигин тааныгысы келбей, Орто жүздүн гана ханы деген грамотага кол коюп жөнөтүп жиберген. Буга нааразы болгон Абылай Россияга ант берүүдөн баш тарткан. Бирок өзүлөрүнүн таасиринен чыгарып жиберүүдөн чочулаган орус бийликтери жыл сайын Абылайга 300 рубль жана 200 пуд ун төлөп турууну чечишкен. Россиянын мындай аракеттерине карабастан, Абылай алар менен мамилесин таптакыр үзүп салган. Абылай хан кыргыздарды өзүнө каратып алуу саясатына өткөн. 1774-ж., 1779-80-жылдардагы жортуулдарында Абылай хан кыргыздардан аманат алып, өзүнүн таасиринде кармаганга аракет кылган. Абылайдын жортуулдарына каршы турган кыргыздар өз алдынчалыгын сактап калган. Абылай хан 1881-ж. Ташкенден Түркстанга кайтып келаткан жолдо кайтыш болгон. Хандын сөөгү Түркстандагы Кожо Ахмед Йасавинин күмбөзүнүн жанына коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1