Абылкасым, Абдылкасым

Википедия дан

Абылкасым, Абдылкасым"Манас" эпосундагы кейипкер, Атемирдин иниси. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Жакып Санирабигага куда түшүп келгенден баштап аны келин кылып алып кеткенге чейинки окуяларда катышат. Санирабиганы кандын (кан Манастын) никейине бердик деп аны Каныкей деген титул аты менен биринчи А. атаган (Сагымбай Орозбаков, 2. 416).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4