Абысайнап Баймоңолова

Википедия дан

Баймоңолова Абысайнап Саймачы. 1924-ж. Нарын районундагы МиңБулак айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Тигүү фабрикасында эмгектенет. Атасы айыл ичиндеги саймачылардын «чиймечиси» болгон. Аталаш эжеси Ажар оймочу, энеси Сайра бычмачы-тикмечи делинген. Алый Бекбоеванын ишенимдүү шакирти. Абысайнап ушулардын нускасын алган. Узчулукту «керебет тарткыч», «терезе пардоо», «сүлгү», «бет аарчы» өңдүү буюмдарды жөрмөмө сайма менен ачык, так, төп жасалгалоодон баштаган. Кыргыздын элдик «илме сайма», «шибеге сайма», «ийне сайма», «басма сайма» сыяктууларына көбүрөөк назар таштайт. Туш кийиз жасоодо Абысайнаптын уздук татымы көрүнөт. Басма сайма аркылуу бүткөрүлгөн туш кийизине өзү жашаган чөйрөнүн (Эки-Чат, Көк-Торпок, Солтон-Сары, Тер-Суу, Чуңкур-Суу) табиятын табылгыс көркөм көчөттүн бай каражаты катары алат. Ал бул көрүнүшү элдик оюм-чийимдердин элемент терине шайкеш символдоштурган. Анда кадимки «мүйүз оюмдарынын», «кыял оюмдарынын», «бадам оюмдарынын» элеси көз алдыга келет. Уз аларды табияттагы көрүнүштөр менен айкаштырат. Андай кооздуктар «Абысайнап көчөтү» деп аталат. 60-70 жылдардагы жана андан мурун-кийин да саймачылыкта жүрүп кеткен агым катары кездеме бетине сүрөт түшүрүүчүлүк (В. И. Лениндин портрети, Мамлекеттик гербдер, Спутник, Көгүчкөн, Төш белгилер) сыяктуу көрүнүштөр Абысайнаптын узчулугунда да басымдуу болгон. Ошентсе да ал көркөм каражаттарды түс, өң аркылуу айкалыштырууда анын сайма буюмдары акак таш чөгөрүлгөн зер нускалардай ачыктыкты сактап турат. Уз абалы түшүүчү түрдү чийип алат. Жүндү көбүнчө колдо ийирип, чыйратып, челдеп, аны түрдүү түскө боёп, саймага жип кылат. Анын илме сайма аркылуу бүткөрүлгөн туш кийиздери көбүнчө алты табакчадан турат. Мал чарбачылыкка байланыштуу оюм-көчөттөрдөн тышкары «жөргөмүш», «омуртка», «секиртме», «кереге көз», «ала мончок» (көчөт катары эсептелет да, ортолук менен жээк көчөттөрүн бөлүп турат), «көөкөр», «кушканат» өңдүүлөрдү арбын пайдаланат. Абысайнап жүндү аябай кылдап, анан уютат да, кементай жасайт. Аны кир көтөрүмдүү кездеме менен ичтейт. Kapa баркут кыюлап, колдо шырыйт. Кементайга көрпө ичиктей жака чыгарып, сайма көчөтүн түшүрөт. Ага көбүнчө «мүйүз оюмдарын» тандайт. Мындай сайма жазылышы карыш кармалган эки жеңдин учундагы көркөм көчөттөргө да үндөшөт. Анын буюмдары төрт түлүктү кесип туткан кыргыз элинин каадалуу турмуш-жашоосун туюндурат. Эмгеги баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1970-ж. В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата «Жасалга-колдонмо өнөрүнүн Бүткүл союздук көргөзмөсү». Туш кийизи үчүн диплом; 1974-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Кол өнөрчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү». Сайма буюмдары үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин диплому.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0