Мусажан Абышов

Википедия дан
Абышов Мусажан‎»‎ барагынан багытталды)

Абышов Мусажан Жыгаччы жана таш чеккич. 1933-ж. Тоң районундагы Темир-Канат айылында төрөлгөн.

1963-ж. Караколдогу мугалимдер институтунун физика-математика факультетин, 1974-ж. Бишкек пединститутун бүтүргөн. Райондун «Большевик», «Темир-Канат» орто мектептеринде иштеген. Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги, мугалим-методист, 1990-жылдан Кыргызстан эл чеберлер союзунун мүчөсү. Мусажан жаргылчак, тегирмен, ийик сыяктуу салттуу буюмдарды, балбал, молоташ, айкелдерди кармайт. Чулу оор таштардан чакан бедиздерди чегет. Кескичти кадимки чөп тырмооктон кесип, өзү жасайт. Буюм-тайым жасоодо адегенде эскизин чийип, үлгүсүн пластилинге түшүрөт да, анан чулу таштан буюмдун жалпы түспөлүн сомдоп, чеге баштайт. Тыкыр жерине бычак пайдаланат. Акырында жыпмалайт. Жыгаччы катары жергесинде өскөн тал, кайын өңдүүлөрдү гана пайдаланат. Талды кыйып, үч-төрт жыл жаан тийбеген салкын жерге кургатат. Жыгач талаптагыдай кургаса жарылбайт, жеңил иштетилет. Жыгачтан аяк, табак, чөйчөк, челек, кашык өңдүү кырма идиштерди арбын кармайт жана аяарга элдик оюм-чийимдерди түшүрөт. Акырында өгөө кагаз менен жылмалап, уйдун сары майын сүртөт. Ал эми чыны куту, аяк кутулардын алкагын арчадан тандайт. Анын астыңкы алкак, үстүңкү алкак деп аталган бөлүктөрүн тегерек иет. Алкактардын ортолоруна оюк түшүрүп, табылгы таякчалар аркылуу бириктирет. Идишти жалпы бириктирүүдө көк, кайыш керектелет. Каймак май менен майласа табылгы чоктой кызарат. Андан кийин капкагын жасайт. Сүрөт да тартат. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1987-ж. «Эл чыгармачылыгынын Бүткүл Союздук I фестивалы». Таш буюмдары жана тарткан сүрөттөрү үчүн Ардак грамота. Эл чыгармачылыгынын Бүткүл Союздук I фестивалынын лауреаты; 1988-ж. «Эл чыгармачылыгынын Бүткүл Союздук II фестивалы». Таш, жыгач буюмдары жана тарткан сүрөттөрү үчүн эл чыгармачылыгынын Бүткүл Союздук II фестивалынын лауреаты; 1989-ж. «Фольклордук чыгармалардын эл аралык фестивалы». Салттуу буюмдары үчүн фольклордук чыгармалардын эл аралык фестивалынын лауреаты; 1989-ж. Кыргызстан эл чеберлер союзунун уюштуруу курултайына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Таш буюмдары үчүн ЭЧЖРКнүн диплому, медалы; 1990-ж. «Кыргызстан эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү».

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0