Аванесов Александр Николаевич

Википедия дан

Александр Николаевич Аванесов - советтик жана орусиялык дипломат, БУУ системинин туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү (2011-2017).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Александр Николаевич Аванесов 1955-жылы 9-январда Москва шаарында туулган. Атасы Авенесов Николай Николаевич (1922-1983) Совет Армиясынын полковниги, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. «Ата Мекенге кызмат үчүн» Ордени, эки Аскердик Кызыл Туу Ордени, жана көптөгөн төш белгилер менен сыйланган. Алардын ичинде «Каармандык үчүн» медалы да бар. Апасы – Валентина Александровна Смирнова (1920-2004). Эки кызы, төрт неберси бар.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Москвадагы № 141 мектепти күмүш медал менен бүтүргөн.
  • 1977-жылы СССРдин ТИМнин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (орус. кыск. МГИМО) «Жапон жана англис тилин билүү менен эл аралык экономикалык мамилелер» адистигин артыкчылык менен бүтүргөн.
  • 1981-жылы МЭАМИнин (МГИМО) «Эл аралык экономикалык мамилелер» кафедрасында аспирантурасын аяктаган. Экономика илиминин кандидаты.

Кызмат жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1980-1984-жж. – «Жапония экономикасы» жана «СССРдин Эл чарбасы» автордук курстары боюнча МГИМОдо окутуучу;
  • 1984-1986-жж. – СССРдин Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык уюмдар департаментинин экинчи катчысы;
  • 1986-1994-жж. – СССРдин/ОФнын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн экономика департаментинин биринчи, экинчи катчысы (1994-жылы Кеңешчи наамы ыйгарылган);
  • 1994-1997-жж. – БУУнун Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Өнүктүрүү Программасынын аймактык бюросунда программалардын аймактык менежери жана программалык адиси (Нью-Йорк).
  • 1997-2001-жж. - БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Орусия Федерациясындагы Өкүлүнүн милдетин аткаруучу жана Башкы аймактык кеңешчиси (Москва);
  • 2001-2004-жж. - БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Аймактактык бүросунун программалык адиси;
  • 2004-2008-жж. - БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Армениядагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары;
  • 2008-2011-жж. – БУУ системинин Туруктуу Координатору, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Монтенегродогу (Черногория) Туруктуу Өкүлү;
  • 2011-2017-жж. – БУУ системинин Туруктуу Координатору, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлү;
  • 2017-жылдын июнь айынан тарта - БУУнун Өнүктүрүү Программасынын зомбулук экстремизмин алдын алуу глобалдык программасынын Атайын Кеңешчиси жана жетекчиси (Нью-Йорк).

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Жапония – отун жана чийки зат көйгөйлөрүн чечүү жолдорун издөө» (орус. Япония – поиски решения топливно-сырьевых проблем) китеби.
  • «Жапон экономикасы» (орус. Экономика Японии) окуу китеби.
  • Бир катар илимий макалалардын автору

Сыйлыктары жана жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын жана Черногория Республикасынын – бул өлкөлөрдүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн – мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган.

Негизги жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1988-жылы тышкы экономика мамилелеринин жаңы формаларын өнүктүрүү жөнүндө БУУнун Резолюциясынын советтик долбоорун БУУнун трансулуттук корпорациялар боюнча Комиссиясында алдыга сүрөөсү жана кабыл алдыруусу. Бул демилге мурдагы СССРдин аймагында чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр менен бирге ишкердик кылууну колдоодо БУУнун ресурстарын колдонууга өбөлгө түзгөн (орус. кыска. СП – совместное предприятие);
  1. Кыргыз Республикасы менен БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Нарын жана Ош облустарын өнүктүрүү, тынчтык орнотуу жана аймак өнүктүрүү жааттарында кызматташтык демилгелөөсү. Бул долбоорлор уран калдыктарына жакын элдүү пункттардын жана жергиликтүү жамааттардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жардамдар менен кошо Орусиянын каржылык көмөгү менен ишке ашкан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде

  1. http://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/ru/home/operations/resident-representative.html Archived 2017-07-14 at the Wayback Machine
  2. https://ru.sputnik.kg/opinion/20161024/1029919103/avanesov-o-kuurdake-milliardah-i-npo-dushevnyj-razgovor-s-glavoj-oon-v-kr.html
  3. http://alumni.mgimo.ru/page/adaptive/news/13250/?ssoRedirect=true
  4. http://www.trend.az/casia/kyrgyzstan/1907461.html
  5. https://rus.azattyk.org/a/kyrgyzstan_un_avanesov/24516577.html

Англис тилинде

  1. http://kg.one.un.org/content/unct/kyrgyzstan/en/home/we/undp/Alexander_Avanessov.html Archived 2017-09-11 at the Wayback Machine
  2. http://old.kabar.kg/eng/personnel-policy/full/2273 Archived 2017-09-11 at the Wayback Machine
  3. https://mail.google.com/mail/u/0/#inbox/15c1b84ed87c6133?projector=1