Аванесов Рубен Иванович

Википедия дан

Аванесов Рубен Иванович (1 (14). 2. 1902, Нагорный Карабах, Шуша шаары 1. 5. 1982, Москва) орус тилчиси, СССР ИАсынын корреспондент мүчөсү (1958). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971). Москва фонологиялык жана лингвистикалык география мектептерин негиздөөчүлөрдүн бири. ММУну бүткөн (1925). 1944-жылдан СССР ИАнын орус тили институтунда, ММУда иштеген. Тарыхый жана баяндама фонетика, фонология, орус диалектологиясы, орус тилинин тарыхы, орус орфоэпиясы менен орфографиясы боюнча илимий эмгектери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1