Авеста

Википедия дан
Ясна 28.1

«Авеста» – б. з. ч. VIII–VII к. байыркы Иранда пайда болгон диний, маданий эстелик. Зороастризм окуусунун ыйык китептер жыйнагы. Бардыгы 21 китептен турат. Өзүнө диний, укуктук көрсөтмөлөрдү кудайга ишарат кылуу тартиби, сыйынуу гимндерин жана көптөгөн мифтик элементтерди камтыйт. Коомдогу адамгерчилик менен мээримдүүлүк – жакшы ой, жакшы сөз, жакшы иш принциптеринен көрүнүп турат дейт, анда.


Байланыштуу барактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат Таануу: энциклопедиялык окуу куралы, Башкы ред. Ү.Асанов, Жооптуу ред. А.Акунов, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9