Авиалайнер

Википедия дан

Авиалайнер - жүргүнчүлөрдү ташуучу ири самолёт. Үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарда учат. Аба транспорттук тейлөө кызматы биринчи дүйнөлүк согуштан кийин башталган. Алгачкы авиалайнер катары аскердик самолёт колдонулуп келсе, 1930-жылдардын башынан Европа, Америка авиакаттамдарында атайын жасалган, ыңгайлуу самолёттор каттай баштайт. Азыр 500 орундуу реактивдүү авиалайнерлер бар. Алгачкы реактивдүү авиалайнерлер Ту-104, «Комет», «Боинг» 1950жылдарда турбореактивдүү «Боинг-747», Ил-62 1970-жылдарда, үн ылдамдыгынан тез учуучу Ту-144, «Конкорд» авиалайнери 1976-жылдарда ишке киргизилген. Бул кенен фюзеляждуу самолёттор акыркы жетишкен ийгиликтер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1