Авизо (кабаркат)

Википедия дан

Авизо (кабаркат) (ит. avviso ) – 1) өзара эсеп-кысаптын өзгөргөндүгү жөнүндө бир контрагенттин экинчисине жөнөткөн ырасмий кабаркаты; кандайдыр бир тапшырманы аткаргандыгы тууралуу билдирүү; жөнөтүүчү тарабынан алуучунун дарегине кабар жөнөткөндүгүн билдирген кабарлама каты; 2) банк ишинде – банк аткарымынын аткарылгандыгы, же ушундай эле өтүнүч менен бир банктын башка банкка (өз кабарчысына), же банктын өз кардарына жөнөткөн кабарлама каты. Көпчүлүк учурда кабаркат банк-жөнөтүүчү К. алуучу тарапта ачылган өздүк эсебинен кандайдыр бир өлчөмдөгү каражатты которуп алууну көздөгөн кезде жөнөтүлөт; ал кабаркат жөнөтүлгөн дарекке каражат которуу, аккредитив ачуу, өз кардарынын эсебине акча каражатын түшүрүү сыяктуу тапшырмаларды берүү үчүн К. жөнөтүлөт. Банк өз кардарларына белгилүү бир мөөнөт аралыгында анын ачылган эсеби боюнча аткарым жасалгандыгы жана эсепте калган каражат өлчөмү тууралуу К. жөнөтөт; 3) төлөөчү жак көрсөткөн жакка которум вексели боюнча кабарлама.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]