Авогадро мыйзамы

Википедия дан

Авогадро закону Идеалдык газдар касиеттерин мүнөздөгөн негизги закондун бири. Итал. физик А.Авагадро (1811) көп тажрыйбалар негизинде мындай корутундуга келген: бирдей басымда жана темп-рада көлөмдөрү бирдей ар түрдүү сандагы молекулалар болот. Бул А. з. С. Канниццаро Карлсруэдеги химиктер эл аралык конгрессинде (1860) жасаган докладынан кийин гана толук кабыл алынган. А. з. төмөнкү корутундулар келип чыгат: 1. Нормалдуу шартта (0оС, 1 атм. басым) алынган кайсыл гана идеалдык газ болбосун бир молу 22,416 л барабар көлөмдү ээлейт. Бул газдар молдук көлөмү деп аталат. 2. Бирдей шартта алынган көлөмдөрү бирдей идеалдык газдар массаларынын катышы алардын молдук массаларынын катышына барабар (m1/m2 = M 1/М2) болот да, анын сандык мааниси берилген газ экинчи газ боюнча салыштырма тыгыздыгын туюндурат. Ар түрдүү газдар молдук көлөмдөрү барабар болгондуктан, алардагы молекулалар саны да бирдей (6,02·1023) болот жана Авагардо саны деп аталат. Ошентип молдук көлөм да, А. с. маанилүү турактуу чоңдуктар (константалар) болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]