Аврелий Марк

Википедия дан

Аврелий Марк (121-180) - 161-жылдан Рим императору. Претор Анний Вердин уулу, Антонин Пийдин асыранды баласы. Римде император Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты жана мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162-166-ж. парфиялыктарга каршы жүргүзгөн согушу Арменияда протекторатын калыбына келтирүү жана Месопотамияны басып алуу менен аяктайт. 166-180-ж. Дунай боюндагы провинцияларга кирип келген германдыктар менен сарматтарга каршы согуш (Маркоманн согушу) жүргүзөт. Тынымсыз согуштар империяны начарлатып, элдин жакырданышына, эпидемиялардын күч алышына алып келген. Стоиктер мектебинин жактоочусу катары таанылган Аврелий «Өзүм менен өзүм» аттуу философиялык чыгармасында адамдагы моралдык сапаттарды өөрчүтүүгө умтулуп, ал эми саясий түзүлүштү өркүндөтүү мүмкүн эместигин белгилеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1