Австриялык мектеп

Википедия дан

Австриялык мектеп–саясий экономиядагы субъективдик психологиялык багыт. Ал 19-кылымдын 80-жылдарында пайда болгон, көрүнүктүү өкүлдөрү: австриялык экономисттер – К. Менгер, Э. Бем-Баверк, Ф. Визер ж. б. Алардын теориясы К. Маркстын «Капиталына», анын экономикалык илимине революциячыл жумушчу кыймылынын өсүшүнө каршы багытталган. Алар капиталисттер алып турган пайданы жумушчулар табынын эксплуатацияланып турушунан эмес, керектyy буюмдары менен өндүрүш каражаттарынын ортосундагы айырмадан алынат деп түшүндүрүшөт. Австриялык мектеп коомдук өндүрүштүн коомдук мүнөзүнүн ролу менен маанисин, наркты, бааны, кызмат акыны, пайданы, процентти, рентаны субъективдик-психологиялык жактан түшүндүрүүгө аракеттенет, бул капитализмди түбөлүк жашоочу коомдук түзүлүш деп эсептөөгө, монополиялык капиталдын үстөмдүгүн, анын жогорку пайда алышын жактоого алып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы.-Б.:2004,ISBN 9967-14020-8