Авсюк Григорий Александрович

Википедия дан

Авсюк Григорий Александрович (16 (29). 12. 1906, Санкт-Петербург-30.11.1988, Москва) орус физикалык географы, гляциологу, география илимдеринин доктору (1953), СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1960), академик (1984). Жер жөнүндөгү илимдер секциясынын Океанология, атмосферанын физикасы жана география бөлүмүнүн академик-секретарынын орун басары. Тоо мөңгүлөрүнө стационардык байкоолор жүргүзүүнүн демилгечиси. 1956жылдан эларалык геофизикалык жылдын программасы боюнча советтик гляциологиялык изилдөөнү даярдоого жана жүргүзүүгө жетекчилик кылган. 194852-ж. Тянь-Шань физикалык география станциясынын жетекчиси. Авсюктун эмгектери Теңир-Тоонун азыркы муз каптоосун, мөңгүлөрдүн температуралык режимин изилдөөгө жана гляциологиянын жалпы маселелерине арналган. Эмгектери: Горы юго-восточного Казахстана. А.-А., 1945 (совм. с М. С. Калецкой, С. Н. Матвеевым); Температура льда в ледниках. Труды Института географии АН СССР. 1956, Вып. 67.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1