Автобиографиялык чыгарма

Википедия дан

Автобиографиялык чыгарма — жазуучунун өзүнүн өмүр жолунун негизги учурларын көркөм баяндоого негизделип жазылган чыгарма. Бул түрдөгү чыгармалар автобиографиялык роман, повесть, эскерүү жана башка жанрлар тибинде жаралат. А. М. Горькийдин «Балалык», «Көрүнгөндүн колунда», «Менин университеттерим», М. Элебаевдин «Узак жол» повесттери автобиографиялык чыгармаларга кирет. А. Токомбаевдин «Автобиографиялык фрагменттер», А. Осмоновдун «Жазуучулук баяным», К.Акиевдин «Баскан жол» сыяктуу чыгармалары акын-жазуучулардын өз өмүрү жөнүндөгү баян — эскерүүлөрү болуп эсептелет. Булар мемуарга (к.) кирип, ото байыркы жанрлардан. Дүйнөлүк адабиятта бул жанрдын көрүнүктүү негиз салуучулары катары Ж. Ж. Руссо менен А. И. Герцен эсептелишет. Совет бийлигинин жылдарында бул жанр улут адабияттарында өтө кеңири өнүгүүгө бет алды. С. Айнинин «Эстеликтер», Айбектии «Балалык» повесттеринде жазуучунун өмүр баяндык фактылары жалпы элдик коомдук саясий турмушу менен эриш-аркак байланыша келип, турмуштун көркөм элесин типтүү кырдаалда сүрөттөөгө жетишилет.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine