Автогамия

Википедия дан
Lathyrus odoratus.

Автогамия (гр. аuto - өзүм, gamos – нике) - өзүн-өзү чаңдаштыруусу жана кээ бир жөнөкөйлөрдө жыныс клеткаларын кошулушу. А. татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн инбридингдин эң тар формасы. Бир эле гүлдүн чаңчасы, ошол эле гүлдүн чаң алгычына түшүп, чаңдашат да, өзүн-өзү чаңдаштыруу кубулушунда маанилүү орунду ээлейт. А. түшүмдүүлүктү жогорулатат, анткени чаңдашуу жана уруктануу процесси сырткы факторлорго (шамал, курт-кумурска жана башка) аз көзкаранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]