Автография

Википедия дан

Автография (грек. autos – өзүм, grapho – жазам, тартам) – көркөм литографияны аткаруунун бир ыкмасы (к. автолитография макаласын). Бул техниканы пайдалануу менен сүрөтчү сүрөттү таштын өзүндө эмес, атайын автографиялык көчүрмө кагазга (корнпапирага) тартат жана аны механикалык түрдө (тикеден-тике) ташка түшүрөт. Сүрөтчүнүн күзгүлүк чагылышты колдонбостон эле сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу жана литографияга чыныгы турпаттан каалаган сүрөттү түшүрүү мүмкүнчүлүгү А. артыкчылыгына кирет. Техникалык каражаттардын жетиштүүлүгү б-ча А. автолитографияга жетпейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]