Автожоопбергич

Википедия дан

Автожоопбергич (авто... жана жоопбергич) — абонентке телеграфтык байланыш каналы боюнча кыскартылган же шарттуу аталыштарды өзүмдүк кылып автоматтык жооп берүүчү түзүлмө. Ал абонент ордунда жок болсо деле билдирүүлөрдү берет. Чакырып жаткан абонент менен байланыштыруунун тууралыгын текшерүү үчүн абоненттик телеграфтоо станциясы аркылуу чакырып жаткан абонент байланыштын алдында жана бүткөндө старт токтоткуч аппаратынын клавиатурасынан «бул ким» суроо клавиатурасын басат. Ошол учурда чакырып жаткан абоненттин байланыш кабели боюнча анын фамилиясын, номурун же чакырып жаткан абоненттин шарттуу аталышын камтыган жоопту автоматтык түрдө билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1