Автокар

Википедия дан

Автокар - (авто ... жана англ. car кол араба), автоараба жүк салынуучу секичелүү (платформалуу) кыймылдаткычы бар өзү жүрмө араба. 5 тга чейинки майда жүктү кыска аралыкка 20 км/с ылдамдык менен ташууга арналган. Сактоочу жайда (склад) жүктү жүктөптүшүрүү жумуштарын механизациялаштыруу үчүн жана завод аймагында, транспорт, темир жол тармагында, портто, ири кампаларда жана башка пайдаланылат. Кыймылдаткычы катары ичинен күймө кыймылдаткыч колдонулат. Ал айрым учурда көтөрүүчү секичелер, жүктөгүчтөр жана башка менен жабдылышы мүмкүн. 1960-жылдардан баштап электркар деп аталган аккумулятор батареясынан электр кыймылга келтиргичтүү автокар колдонулушка ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1