Автократия

Википедия дан

Автократия (гр. autokrateiа өзү бийлөөчүлүк, жеке башкаруу) жеке адамдын чексиз, көзөмөлсүз толук бийлиги менен мүнөздөлүүчү башкаруу формасы; ошондой эле мыйзамчыгаруучулук, аткаруучулук функцияларды өз колуна алган, мамлекеттик аппараттын ишин өзү толук көзөмөлдөп турган, кол алдындагыларга жана карамындагыларга эч көз каранды болбогон жогорку башкаруучунун бийлиги (мисалы, байыркы Чыгыштагы деспотия, байыркы Римдеги, орто кылымдагы империялар, абсолюттук монархиялар). Автократиянын альтернативасы — демократиялык өлкө.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1