Автолитография

Википедия дан

Автолитография (грек. autos – өзүм, lithos – таш, grapho – жазам, тартам) – көркөм литографияны аткаруунун бир түрү. Бул ыкмада сүрөтчү тикеден-тике таштын өзү менен иштейт жана ушул ыкма менен аткарылган графиканын чыгармасы да А. аталат. А-ны сүрөтчү толугу менен (оюу жана басмага басуунун толук технологиялык процессин камтуу м-н) же ташты ойгонго чейин (литографиялык ташта көркөм иштөөнүн өзүн камтуу м-н) аткарат. Бул жагдайда ташты иштетүү жана биринчи басмада басуу уста-полиграфист аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, түшүрүлгөн из көркөмдүк жактан анча мыкты болбошу мүмкүн. А-ны таштын ордуна пайдалануучу алюминий же цинк пластинкасында аткарышат (түшүрүшөт). Кеңири жана анча так эмес маанисинде А. кээ бир учурда автографияны да өз ичине камтыйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]