Автоматизм

Википедия дан

Автоматизм (грек. өзү аракет этүүчү дегенди билдирет) – психологияда аң-сезимдин контролсуз аткарылуучу аракети.

Окууга, билим алууга керектүү аракеттерди үйрөнүүдө автоматизмдин мааниси зор, үйрөнүү процессинин башталышында адам керектүү эрежелерди системалуу түрдө аткарат. Ошондуктан ал өзүнүн көңүлүн толугу менен жумуштун сапатына бурууга мүмкүндүк алат. Мисалы, окуучу жазуунун техникасын үйрөнүп алгандан кийин ал калемсаптын жардамы менен керектүү тамгаларды кандайча чийип жазуу керек экендиги жөнүндө ойлонуп олтурбайт, мунун өзү ага жазылуучу тексттин мазмунуна гана көңүл топтоого мүмкүндүк берет, жаттагандан кийин жадыбал ар бир адам үчүн автоматизмге айланат да, натыйжада турмуштук маселелерди чыгарууда адам ал жөнүндө ойлонуп отурбастан эле өзүнүн бүт көңүлүн маселенин мазмунуна жана анын чыгарылыш жолуна гана топтойт.

Окууда автоматизм көнүгүүлөрдү, аракеттерди узак убакыт бою бир нече ирет сезимдүү кайталоонун негизинде гана пайда болот. Көнүгүүлөр жетишээрлик санда кайталанып иштетилгенден кийин гана окуучунун билимди практикада пайдалана билгичтиги автоматизмге (аң сезимдин контролусуз эле аткарыла берүүчү аракеттерге) айланат. Бирок пайда болгондон кийин да автоматизм (автоматташкан аракеттер) каалаган убакта акыл-эстин жардамы менен жөнгө салынып турат.

Физиологияда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физиологияда сырткы козгогуч таасир кылбаса органдын же айрым клеткалардын ритмдүү, мезгилдүү же мезгилсиз иштөөгө жарамдуулугу, мис., ичегинин жыйрылуусу (перисталтика) жүрөктүн согушу, өсүмдүктүн клеткаларында протоплазманын кыймылы ж. б. А-ге клеткаларда зат алмашуу процессинин цикл мерчемдүүлүгү жана нерв клеткаларынын иштеши себеп болгон. А-дин башка түрлөрү шарттуу рефлекстин бекемделишинен келип чыгат. Мис., басканда, буттун жана кээ бир булчуңдардын кыймылы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97
  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8