Автоматташтырылган башкаруу тутуму

Википедия дан

Автоматташтырылган башкаруу тутуму (АБТ) — башкарылуучу объект менен автоматтык өлчөөчү жана башкаруучу түзүлмөлөрдүн жыйындысы. Техникалык куралдардан түзүлгөн башкаруу тутумунун бир түрү. Анда техникалык түзүлмөлөрдү колдонуу менен башкаруу, маалымат чогултуу процесстерине адамдын кол жана акыл эмгеги пайдаланылбайт. Автоматтык башкаруу тутумунан айырмаланып, бул тутумда жалаң техникалык каражаттар менен толук автоматташтыруу жүргүзүлбөйт. Бул тутумда кошумча түрдө оператор, тескөөр (диспетчер) жана башка тейлөөчү адамдардын эмгеги колдонулат, башкача айтканда адам бир функциялык элемент катары кызмат кылат. Коюлган максат, маселелерге карата ал технологиялык процесстерди, долбоорлоо иштерин АБСны болуп айырмаланат. АБСны түзүүдө математикалык, программалык, техникалык каражаттар жана уюштуруу маселелери каралат. Анын негизин ЭЭМ түзөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1