Автоматтык чийүү прибору
Көрүнүш
Автоматтык чийүү прибору - график, чийме жана башкаларды жогорку тактыкта автоматтык түрдө чийүүчү түзүлмө. Автоматташтырылган долбоорлоо системасынын маалыматты чыгаруучу негизги түзүлмөлөрүнүн бири жана конструктордун автоматташтырылган жумушчу орунунун негизги бөлүгү. Ал маалыматты инпульс түрүндө ошол автоматташтырылган долбоорлоо системасы менен автоматташтырылган жумуш орунундагы компьютерден алат. Сүрөттү чөйрө сызыгы (контуру) боюнча чийет жана чекиттер боюнча түзөт, андан тышкары тактачалык (планшеттик) жана рулондук прибор болуп бөлүнөт. Куроодо (монтаждоодо), карта тартууда, долбоорлоодо, маалыматтык өлчөө системасында жана башкалар колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1