Автордук келишим

Википедия дан

Автордук келишим – автордун мүлктүк, ээлик укугун өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн жарандык укук келишими. Укугун толугу менен өткөрүп берген автордук келишим менен укугун жарым-жартылай өткөрүп берген автордук келишимдин айырмасы бар: биринчисинде – чыгарманы келишимде каралган чекте, белгилүү бир жолжоболордун негизинде укук берилген жак гана пайдалана алат жана ага башка жактардын пайдалануусуна тыюу салууга мүмкүндүк берет (анын ичинде автор да бар); экинчисинде – чыгарманы пайдаланууга автордун дагы, анын мураскеринин дагы, ал жарым-жартылай укук берген жактын дагы, ушундай эле укук берилген башка жактардын дагы пайдаланууга акысы бар. Ошондой эле, чыгарманы тигил же бул чекте пайдаланууга улуксат берүү тууралуу автор жана/же анын мураскерлери тарабынан түзүлгөн келишимдер дагы автордук келишимге жатат. Автордук келишим даярдалып бүткөн чыгармага, же автор жазуу милдетин алган чыгармага карата да (автордун тапшырык келишими) түзүлүшү мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7