Автордук мектеп

Википедия дан

Автордук мектеп – бөтөнчө программа менен иштеген таалим-тарбия мекемеси. 20-кылымдын аягында Россияда инновациялык билим берүү тажрыйбасынын формасы; айрым бир автор же автордук коллектив тарабынан иштелип чыккан чыгармачыл психологиялык-педагогикалык жана (же) уюштуруу-башкаруу концепцияларынын негизинде ишмердиги калыптанган эксперименттик билим берүү мекемеси. Термин 1980-жылдын аягынан тартып колдонулууда. Мындай мектептин концепциясы жана иши кадимки мектептердин салт болуп калган тажрыйбасынан кескин айырмаланат. Мектеп окумуштуулар, ошондой эле педагогдор тарабынан түзүлөт да, эреже катары, алардын аты менен аталат (мисалы, «А. С. Макаренконун мектеби», «В. А. Сухомлинскийдин мектеби» ж. б.). Мындай мектеп жамааты таалим-тарбия ишиндеги олуттуу проблемаларды өздөрү тандап, артыкчылык берген технологиялык табылгаларга таянып чечүүгө умтулушат. Ал эми алардын ишинин үзүрлүүлүгү, ишенимдүүлүгү окуучулардын бир муунун даярдап чыгарганда гана айкын болот. Албетте, мектептин тажрыйбаларын башка мектептерде өрнөк тутуп, тикеден-тике колдонуу айтарлык натыйжа бербейт. Бирок, ал тажрыйбалардан келип чыккан рационалдуу ой-тыянактар, методикалык табылгалар башка мектептердин ишмердүүлүгүн байыта алат. Бишкектеги № 6 гимназия, С. Арыстанованын автордук мектеби, Кыргызстандагы алгачкылардан болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97