Автордук окуу программалар

Википедия дан

Автордук окуу программалар - мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде түзүлөт. Бирок анда түзүүчүнүн жеке көз карашына ылайык окуу материалдарынын түзүлүш логикасы бир топ бөтөнчө берилиши мүмкүн. Автордук жеке көз караш айрым теорияларды, кубулуштарды, процесстерди, факттарды чечмелөөдө да байкалышы мүмкүн. Мындай окуу программалар ал илим тармагындагы адистер, педагог, психологдор, методисттер тарабынан рецензиялангандан кийин гана мектептин педагогикалык кеңеши тарабынан бекитилет.

Автордук окуу программалар көбүнчө тандама сабактар (факультативдик) боюнча кеңири колдонулуп келүүдө. Россиялык белгилүү дидакт А.В.Хуторский мектепте айрым бир окуучуну окутууга байланыштуу базистик окуу планынын окуучулук компоненти катары эсептелген жеке билим программалары да болушу зарылдыгын белгилейт. Бул программалар ар түрдүү жана ар кандай формада болушу мүмкүн. Ал айрым окуу предметтерине же окуучуга комплекстүү билим берүүгө да таандык болот. Аларды түзүүгө тике жана кыйыр түрдө окуучулардын өздөрү катышат. Мындай типтеги программалар да ар бир окуучу үчүн бүтүндөй же айрым предметтер боюнча окутуунун жеке максаттары, ишмердиктин планы, олимпиадаларга, конференцияларга катышуунун графиктери, чыгармачылык иштердин аталышы, күтүлгөн билим натыйжалары, жетишкендиктерди текшерүү жанаа баалоонун формалары белгиленет.

Окуу программасын түзүүнүн концентрленген жана түз сызыктуу деп аталган эки ыкмасы бар. Түз сызыктуу ыкма менен түзүлгөн программада окуу материалынын бирдиктери бири бирин ырааттуу улап олтурат жана бир эле теманы ар жыл өткөн сайын кайра-кайра кайрылууга жол бербейт. Ал эми окуу материалын концентрленген ыкма менен түзүү бир эле теманы кийинки класста, татаалданган түрдө кайрадан кайрылууга негизделет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97