Автордун беделин коргоого укук

Википедия дан

Автордун беделин коргоого укук – автордун моралдык укуктарынын бири; автордун кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирүүчү (же келтире турган) бурмалоодон же башка оңдоолордон өз чыгармасынын колтийбестигине укуктуулугу. Алсак, чыгарманы чечмелөөлөр, толуктоолор, сүрөт жасалгалар менен жабдууга, анын түзүмүн бузууга болбойт. А. б. к. у. чыгарма автордун ар-намысына жана кадыр-баркына доо келтирип жана аны менен макулдашылбастан, бурмаланганда гана келип чыгат.

==Колдонулган адабияттар==