Автордун моралдык укугу

Википедия дан

Автордун моралдык укугу – КР мыйзамдары боюнча автордун мүлктүк эмес жеке укугу. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: а) автордук укук – чыгарма авторунун өз укугун таануу укугу; б) аты-жөнүнө укугу – чыгарманы автордун өз аты-жөнү менен, каймана ат же аты-жөнүн атабай эле, т. а. анонимдүү пайдалануу же пайдаланууга улуксат берүү укугу; в) жарыялоо укугу – чыгарманы баардык таризинде жарыялоо же жарыялоого улуксат берүү укугу, анын ичинде кайра чакыртып алуу укугу; г) чыгармага колтийгистик укугу – чыгарманы коргоо укугу, ага чыгарманын аты, бурмалоо ж. б. у. с. автордун ар-намысына шек келтире турган жосундардан коргоо кирет. Жеке мүлктүк эмес укук анын мүлктүк укугуна карабастан таандык болот, ага чыгарманы пайдаланууга өзгөчө укуктарды берген учурда да сакталат.

==Колдонулган адабияттар==