Авторлоштук

Википедия дан

Авторлоштук ― эки же андан көп адамдын биргелешкен чыгармачыл эмгеги менен жаратылган, автордук укуктун объектиси болгон чыгармага, ойлоп табууга, өнөржайлык үлгүгө карата автордук укук. Чыгарма ажырагыс бир бүтүндү түзөбү же өз алдынча мааниге ээ бөлүктөрдөн турабы – буга көз карандысыз түрдө автордук укук авторлоштордун баарына бирдей таандык. Чыгарманы бүтүн пайдалануу укугу алардын баарына чогуу тийиштүү. Авторлоштордун өзара мамилелери алардын макулдашуусу менен аныкталышы мүмкүн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7