Авторлоштуруу

Википедия дан

Авторлоштуруу (англ. autorization ) – банк ишинде электрондук документтин, же дайынкаттын, же өзүн көрсөткөн жактын ыйгарым укугун, же болбосо авторлугун аныктоо. Адатта электрондук документти А., магниттик же процессордук дайынкатты А., банк кызматынан пайдалануучунун жекече дене түзүлүш өзгөчөлүгүн А. (манжа изин салыштыруу ж. б.) болуп бөлүнөт. Ал эми электрондук документти анын өзүндөгү айрым сандык айырмачылыктардын, ошондой эле авторго гана таандык жашыруун жеке сандардын жардамы аркылуу А. сандык (электрондук) колтамга деген ат менен кеңири маалым. Ал төлөм тутумунун катышуучусу электрондук төлөм документтеринин түпнускалуулугу менен бүтүндүүлүгүн анын жардамы аркылуу ырастоочу жабдык.

==Колдонулган адабияттар==