Автохтондуулук

Википедия дан

Автохтондуулук - (грек тилинде «жергиликтиүү», «түпкүлүктүү» дегенди туюнтат). Теги жагынан белгилүү бир аймактын түпкү, жергиликтүү жашоочулары. Чет өлкөлүк этнография (этнология) илиминде буга маанилеш «абориген» деген термин колдонулуп жүрөт. Биринчисинде, «автохтондуулук» термини маданияттагы кубулуштарга жана этносторго «автохтондуу калк», «автохтондуу маданият» маанисинде колдонулса, экинчи багытта - жергиликтүү эл, түпкүлүктүү жашоочу маанилерин туюнтат. Мисалы, кыргыздар байыркы жазма булактарда өз мекенибиздин аймагынын жана ага чектешкен жерлердин, Чыгыш Түркстандын (КЭР, Батыш Кытай), Батыш Монголия, Саян-Алтайдын автохтондуу же түпкү калкы катары баяндалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]