Ага

Википедия дан

Ага — жашы улуу эркек тууганына кичүүлөрдүн урматтап кайрылышы, жалпы эле кичүүлөрдүн улууларды урматтап аташы. Ага болуу кыргыздын үй-бүлөлүк мамилелеринде олуттуу парыз, өзүнөн кичүүлөр жөнүндө кам көрүү, аларды ар кандай кокустуктардан сактоо чараларын алдын алуу жоопкерчилиги менен жашоо. Акын Арстанбек Буйлаш уулунун ыр саптарында: «Агасы өлсө, не болот? Айтаарга сөзү кем болот. Иниси өлсө не болот, чабаарга камчы кем болот» деп айтылат. Энесай кыргыздарында «ага» термини уруктун (сөөктүн) жетекчисин, диний түшүнүктөр жактан алганда эвфемизмди (мисалы, аюу), тотемди, фетишти туюнткан. Кыргыздардагы "тага" - "тай + ага" термини буга мисал боло алат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]