Агалдай

Википедия дан

Агалдай "Манас" эпосундагы кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Үсөндүн (Көзкаман) балдарынын бири. Ички чыккынчы душман катары сүрөттөлөт. А. табиятынан коркок, бирок айла-амалдуу. Өзүнүн бир туугандары менен бирдикте аталаш агасы Манасты ууландырып өлтүрүп дүнүйөсүн бөлүп алып баюуну, анын аялдарынын бирин алууну көздөйт. Ички душман катарында элдик баатырларга карама-каршы коюлган А-дын образы "Манас" эпосунда ачык элестүү, терс тип катарында иштелип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4