Агартуучулук реализми

Википедия дан

Агартуучулук реализми - 7-18-кылымдарда калыптанып, пайда болгон идеялык агымдардын бири. Кыймылдын башында көрүнүктүү окумуштуулар, ойчул акылмандар, философтор турган. Агартуучулук реализм айрыкча Францияда өтө күчтүү өнүккөн. «Илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы» же түшүндүрмөлүү эмгектин жарыкка чыгышы ошол мезгилдин эң маанилүү маданий окуясы болгон. «Энциклопедиянын» жаралышына Д. Дидро, Вольтер, Ш. Монтескье сыяктуу улуу окумуштуулар катышкан. Агартуучулар чыгармаларында адамдын аң-сезимине ишенишкен, аң-сезимди өзгөртүү, «агартуунун» натыйжасында гана адам эркиндикке, теңдикке жетүүгө мүмкүн деп эсептешкен. Агартуучулук реализм термининин келип чыгышы Д. Дефонун «Робинзон Крузо» (1719) деген романына байланыштуу. Бул романда адам жашабаган аралда жалгыз калган адамдын жашоо үчүн жанталашкан аң-сезимдүү күрөшү баяндалат. Демек, А. р. ад-ты адамдардын адеп-ахлактык жүрүм-турумун сүрөттөөгө, өзүнүн ички пафосу менен акыл-насаат айтууга, жыйынтык чыгарууга багытталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1