Агатан минералдуу суусу

Википедия дан

Агатан минералдуу суусу - дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булактары. Ош облусунун Кара-Суу районунда, Агатан суусунун Жазы суусуна куйган жеринде, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте. Жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1976-ж. бургулоо жумуштары жүргүзүлүп, геологиялык маалымат алынган. Булак чыккан жерде юра мезгилинде пайда болгон алевролит, сланец, чопо, кумдук тектери жатат. Алар бүктөлүүгө дуушарланып кеңдик багытта созулуп жаткан антиклиналды пайда кылган. Суу антиклиналдын түндүк канатындагы тектоникалык жаракалардан агып чыгат. Суу тунук, туздуу, муздак (12°С), көмүр кычкыл газдуу (СО2–0,1–0,2 г/лге чейин). Бургулоо көзөнөгүнөн агып чыккан суунун чыгымы 0,5 л/сек, булактыкы – 0,2 л/сек, аз минералдашкан. Курамы хлорит-гидрокарбонат-натрий-кальцийлүү. Сууну ичүү жолу менен ашказан, бөйрөк, боор ооруларын дарылоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]