Ага-Бурят автономия округу
| |||
| Өлкө | |||
|---|---|---|---|
| Статусу |
Жоюлган административдик бирдик (Забайкалье крайынын курамында) | ||
| Административдик борбор | |||
| Ири шаары | |||
| Ири шаарлары | |||
| Негизделген күнү | |||
| Администрация башчысы (акыркы) | |||
| Расмий тили | |||
| Калкы |
76 383 (2008) | ||
| Жыштыгы |
4,0 адам/км² | ||
| Аянты |
19 312 км² | ||
| Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Орточо бийиктиги | |||
| Убакыт аралыгы | |||
| Аббревиатурасы |
АБАО | ||
| Коду ISO 3166-2 |
RU-AGB | ||
| Телефон коду |
+7 30239 | ||
| Почта индекси |
687000 | ||
| Автоунаа номурунун коду |
80 | ||

Ага-Бурят автономия округу – Россиянын аймагында, Чита облусунун курамындагы Сибирь федерация округуна кирет. Забайкальенин түштүк-чыгышында. Ингода жана Онон дарыясынын аралыгында жайгашкан. 1937-ж. 26-сентябрда уюшулган. Аянты 19,0 миң км2. Калкы 72,7 миң (2004). Округдун курамында 3 район, 4 шаарча бар. Борбору Агинск шаарчасы. Аймагынын басымдуу бөлүгү тоолуу. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -24°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан-чачыны 400 мм. Башкы дарыясы Онон (ал аркылуу округдун түшүк чегарасы өтөт). Тоолуу бөлүгүндө боз, түздүктөрүндө кара топурак басымдуу. Шортоң жерлер да кездешет. Аймагынын 30%ын токой каптап жатат. Алханай улуттук паркы уюшулган. Калай, жез, сурьма, молибден, вольфрам, алтын, көмүр, талаа шпаты, асыл таштар казылып алынат. Табияты калктын жашоосуна ыңгайсыз. Тоо-кен казуу өнөр жайы өнүккөн аймактарында жана жайыттарында экология татаалдашууда. Топурактын эрозиясы күчөп, жайыт деградацияга учуроодо. Жергиликтүү калкы буряттар, ошондой эле орус, украин, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,2 киши. Тоо-кен, токой, тамак-аш өнөр жайлары бар. Кой, уй, жылкы асыралат. Дан эгиндери (буудай, арпа, сулу) жана тоют өсүмдүктөрү айдалат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1