Агитациялык (үгүт) көркөм искусство

Википедия дан

Агитациялык (үгүт) көркөм искусство – көркөм сүрөт искусствосунун түрү. Ага саясый плакат, саясий гезиттердеги сүрөттөр, көркөм соода рекламалары жана элдик оюн-зоокторду жана башка көркөм жасалгалоонун кээ бир элементтери кирет. А. к. и-сунун бул түрлөрүнүн негизги өзөгүн кыска, көрүүчүлөргө тез таасир этүүчү көркөм формадагы саясий идеялар түзөт. А. к. и. өлкөнүн саясый турмушундагы болуп жаткан окуяларга тез жана оперативдүү жооп кайтаруучу партиялар менен таптар аралык күрөштүн маанилүү куралы болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]