Агломерация

Wikipedia дан

Агломерация - (латынча аgglomerare бириктирүү, чогултуу) металлургияда эритүү үчүн зарыл формага жана касиетке (химиялык курамына жана структурасына) келтирүү максатында кызытып бириктирүү жолу менен майда материалдарды (кенташты, металл аралаш кенташ концентраттарын) ирилештирүүчү термиялык процесс. Термин 1887-ж. Ф. Геберлейн жана Т. Хантингтон (Улуу Британия) тарабынан сунушталган. Жогорку температурада (1150 С) кенташтын сырткы беттери бир аз жумшарып, бири бирине жабышып калат же беттериндеги жеңил эрүүчү бирикмелер эрип, кенташ муздаганда бөлүкчөлөрдү чапташтырат. Кызытып бириктирүү үчүн зарыл жылуулук агломерациялануучу материалга кошулган көмүртектүү отундун күйүүсүнөн же күкүртүү кенташ концентраты агломерацияланганда, андагы сульфиддин кычкылданышынан бөлүнүп чыгат. Негизги баштапкы материалдары: майда күкүм түрүндөгү кенташ жана анын концентраты( 3 ммге чейинки кокс жана антрацит күкүмдөрү, боксит. Алынуучу өнүм (продукт) агломерат. Мунун 95%дан көбүрөөгү кара металлургияда алюминий, никель жана коргошун өндүрүшүндө колдонулат. Агломерация процессинде негизги жумушту агломерациялык үзгүлтүксүз жылып туруучу тасмалуу машине аткарат. Бул машинелер өндүрүштө 1 жылда 2-3 млн о агломератты өндүрөт. Агломерациялык өндүрүш негизинен бардык катуу калдыктарды кайрадан иштете алат, бирок өндүрүштөн чыккан заттар (көмүртектин оксиди, күкүрт диоксиди, катуу бөлүкчөлөр ж.б.) атмосфераны булгоочу булактардын бири болуп эсептелинет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1