Агрардык илим жана консультациялык кызмат борбору

Википедия дан

Агрардык илим жана консультациялык кызмат борбору - илимий өндүрүштүк мекеме. КРнын Президентинин 2001-жылдын 31-октябрындагы жарлыгы жана КРнын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы токтому менен КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдында түзүлгөн. Борбордун карамагына Кыргызстан дыйканчылык илимий изилдөө институту, А. Дүйшеев атындагы Мал-чарба, ветеринария жана жайыт илимий-изилдөө институту, Ирригация илимий изилдөө институту, Агрардык экономика жана кайра иштетүү өнөржай илимий-изилдөө институту, «Тамеки» илимий өндүрүштүк станциясы, үрөнчүлүк, эксперименттик чарбалар, таяныч пункттары жана мамлекеттик асылтукум мал заводдору кирет. Борбор негизинен агрардык тармакта илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүп, алардын жетишкендиктерин фермердик, дыйкан, кооперациялык чарбаларга жайылтат жана аларга кеңеш берет; илимий-өндүрүштүк конференция, семинар, симпозиум жана башкаларды уюштурат; агрардык илимдин жетишкендиктерин пропагандалайт жана жайылтат ж. б. Кыргызстанда агрардык илим тармагында жалпысынан 280 илимий кызматкер (анын ичинен. 2 академик, 1 корреспондент-мүчө) эмгектенет. Борбордун институттарында жети адистик боюнча докторлук жана кандидаттык диссертация коргоонун 3 диссертациялык кеңеши иштейт. Борбор илимий-изилдөө тармагында Борбордук Азия жана Кавказ мамлекеттеринин илимий изилдөө институттары, университеттери, эл аралык ICARDA (Сирия), СҮММҮТ (Мексика), IPGRI (Италия), GFAR (Италия), ICBA (Сауд Аравиясы) ж. б. илимий-изилдөө борборлору менен тыгыз байланышта.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1