Агрардык укук

Википедия дан

Агрардык укук, же айыл чарба укугу - бири-бири менен өз ара тыгыз байланышкан жер, мүлк, эмгек жана уюштуруу-башкаруу мамилелерин жөнгө салуучу комплекстүү укук тармагы. Агрардык укуктун предметин өз ара ажырагыс болуп байланышкан агрардык мамилелердин комплекси түзгөндүктөн, аны жөнгө салуу да ар түрдүү.Агрардык укуктун тун өзгөчө объектилерине: айыл чарба жана агрардык бирикмелеринин жана алардын кызматкерлеринин укуктук статусу, айыл чарба ишканаларынын жер пайдалануу укугу, ушул ишканаларда өндүрүштү, эмгекти уюштуруу, укуктук жактан жөнгө салуу боюнча алардын мүлкүнө тиешелүү укук режими, өндүрүштүк, чарбалык, финансы иштерин жөнгө салуу, айыл чарба ишканалары менен бирикмелеринин келишим түзүү жагынан мамилелери, айыл чарба ишканаларынын мүлкүнө зыян келтиргени үчүн жоопкерчилик, айыл чарба ишканалары менен бирикмелердин жана башкалардын кызматкерлеринин көмөкчү чарбаларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу сыяктуу юридикалык нормалар кирет. Агрардык укук илимдин тармагы катары айыл-чарбанын укуктук маанилүү проблемаларын илимий жактан иштеп чыгууга, ошондой эле мыйзам актыларын бир системага салууга мүмкүнчүлүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1