Агрессиялык (баскынчылык) акты

Википедия дан

Агрессиялык (баскынчылык) акты – эларалык укукта тынчтыкты бузуунун эң коркунучтуу түрү; БУУнун уставына ылайык, ар жолу БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан ырасталат, ошол эле учурда, Коопсуздук Кеңеши агрессиянын белгилерин 1974-жылкы «Баскынчылык актысынын» шарттуу белгилерине байланган эмес, ошондуктан А. а-нын акыркы тизмесинин чегинен чыга алат. Коопсуздук Кеңешинин А. а-ны ырастоосу бул уюмдун БУУнун уставынын VII бөлүмүнө ылайык эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо же калыбына келтирүү боюнча кандай чараларды көрүү тууралуу сунуштарды же чечимдерди кабыл алуусуна негиз түзөт.

==Колдонулган адабияттар==