Агромелиорация

Википедия дан

Агромелиорация - жерди мелиорациялык жакшыртууга багытталган илимий, уюштуруу-техникалык, экономикалык жана өндүрүштүк система. Агромелиорация иштетилүүчү жер бетин пландоо, жер алдындагы сууну төмөндөтүү, шор топурактын тузун азайтуу, топурак жана суу ресурстарын башкаруу, сугаруу режимин жана системасын жакшыртуу, топурак сактоочу токой тилкелерин тигүү, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууну программалоо жана башка иш-чараларын камтыйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1